Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат

Wp Pw
0 0
Read Time:35 Second

Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев АРИС уюмунун эксперти Азамат Мукашевди жана «АгроВей» компаниясынын жетекчиси Кайыркуль Казылаеваны кабыл алган.

АРИС Баткен облусун өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган чоң программанын айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорун ишке ашырат.

Алгач AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына комплекстүү изилдөө жүргүзөт.

Баалоонун жыйынтыгы менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары тандалып, долбоор ишке ашат. Долбоордун алкагында 11 млн доллар Баткен облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Банк Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлгөн.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Индеецтердин акылман кептери

Жакшы адам жакшы жышаандарды гана көрөт. Өзүңдү угуу үчүн унчукпаган күндөр керек. Өлгөн атты минип баратканыңызды байкасаңыз – түшүңүз! Унчукпаган адам көп сүйлөгөндөн эки эсе көптү билет. Мекен – бул өзүңдү жакшы сезген жер. Айтар сөзүң болсо, даана көрүнүү үчүн ордуңдан тур.  Душман дайыма эле душман болбойт, дос да дос […]