Баткенде жабыркагандарга ачылган эсепте 172 млн 922 миң сом калды

Wp Pw
0 0
Read Time:27 Second

Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсепте 172 млн 922 миң 638,56 сом калды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

 

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган. 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 64 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Сириядан 56 россиялык бала кайтарылды

12-мартта 3 жаштан 17 жашка чейинки 56 россиялык бала Сириядан Москвага кайтарылды. Депортацияланган балдардын 49у качкындар лагеринде, 7си Дамасктын балдар үйүндө болгон. Балдарды психологдор жана балдар комиссарлыгынын кызматкерлери коштоп, дарыгерлер текшеришти. Эми бир нече жумага социалдык реабилитациялык борборго жайгаштырылат. Куралдуу кагылыш болгон аймактардан россиялык балдарды кайтаруу иштери 2018-жылы башталган. 2018-жылдын […]