Александр Крестинин кайрылуу жасады

Wp Pw
0 0
Read Time:38 Second

“Ак Шумкарлардын” мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кеткенден кийин кайрылуу жасады. Крестининдин кайрылуусун Кыргызстандын футбол союзу Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

 

«Мен  келечекке жол ачкан Улуттук курама команданын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын жана сыймыктанам.  Алга Кыргызстан! Менин жүрөгүмдө биздин биргелешкен ишибиз өзгөчө орунда турат. Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучулар штабына көп жылдар бою чогуу иштегенибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз абдан узак жолду басып өттүк. Биздин иш учурунда көп нерселер болду. Стадионубузду толтурган күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Көптөгөн абдан жакшы көз ирмемдерди баштан өткөрдүк. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун орду өзгөчө. Ошондой эле Кыргызстандын футбол союзуна, бардык кызматкерлерге биргелешкен ишибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Баарына ийгилик, жаракатсыз жана футболдо узак өмүр каалайм», — деп айтылат Крестининдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 3-апрелде Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан расмий кеткени белгилүү болгон.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Украинада 50гө жакын журналист, ыктыярчылар набыт болгон

Орусиянын Украинага бастырып кирген бир жыл аралыгында укук коргоочу, журналист жана ыктыярчы болуп, 50гө жакын киши көз жумду. Мындай маалыматты “Front Line Defenders” Эл аралык уюму таратты. Уюм Орусия согушка байланыштуу документтерди чогулткан укук коргоочуларды башынан бери эле бутага алып келгенин, журналисттер жана укук коргоочулар чогулткан далилдерди жок кылууну көздөп […]