Акжол Махмудов рейтингдик мелдеште алтын байге багындырды

Wp Pw
0 0
Read Time:22 Second

Акжол Махмудов Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдеште алтын медаль утту.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты. Ал чет өлкөлүк төрт балбанды жеңип финалга чыкты. Финалда армениялык спортчуну 1:1 (ред.: акыркы упайды алган балбан жеңет) эсебинде утуп, алтын медаль багындырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жоламан Шаршенбеков (60 кг) дагы мелдештин алтын байгесин багындырган.

Спорттук иш-чара 2-5-март күндөрү София шаарында өтүүдө.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

UFC: Валентина Шевченко чемпиондук курун коргой албады

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого чемпиондук курун уттуруп жиберди. Эки мушкер Лас-Вегаста UFC 285 мелдешинин алкагында октаганго чыгышты. Беттештин төртүнчү бөлүгү чечүүчү болду: мексикалык мушкер Шевченконун далысын өтүп, муунтуу ыкмасы менен атаандашын утуп алды. Валентина Шевченко сегизинчи ирет чемпиондук курун коргоо үчүн беттешке чыккан. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 12-июнунда […]