Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Wp Pw
0 0
Read Time:25 Second

Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова жеңишинен кийин үн катып, жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Ал социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүнө кубанып, ошол эле кезде сыймыктанып тургандыгын айтты.

“Мен үчүн жеңишти көздөй бет алуу узак жана татаал жол болду… жылдын өзү дагы көп сыноолор менен коштолду. Мени колдоп, мага ишенгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем!

Бул жеңиш меники эле эмес, жалпыбыздын жеңишибиз! Сиздерге чоң рахмат!”, – деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 13-апрелге карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 46 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом  31 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн